ЕАМИБдин миссиясы

Борбордун негизги максаттары:

  • ЕАЭБ өлкөлөрүнүн журналистика багытында билим берүүнүн алдыңкы борборлорунун медиа изилдөө жана кесипкөй адистерди кесиптик даярдоо жаатында өз ара аракеттенүүсүн активдештирүү;
  • Биримдиктин ички туруктуулугун сактоо, маалымат мейкиндигинде туруксуздаштыруучу факторлорду өз убагында аныктоо, ошондой эле аларды нейтралдаштыруу жана жагымсыз таасирди оңдоо боюнча чараларды иштеп чыгуу максатында катышуучу-өлкөлөрдүн алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарына туруктуу эксперттик мониторинг жүргүзүү;
  • ЕАЭБ өлкөлөрүнүн медиа изилдөөчүлөрүнүн, ошондой эле иш жүзүндөгү журналисттеринин туруктуу өнөктөштүк байланыштарын түзүү;
  • Евразиялык экономикалык интеграция темасын чагылдырууга адистешкен кесипкөй журналисттерди даярдоо;
  • Евразиялык мейкиндикте болуп жаткан процесстерди чагылдыруу маселелери боюнча коомдук-саясий маалымат каражаттарынын иш жүзүндөгү журналисттеринин көндүмдөрүн жогорулатуу;
  • ЕАЭБ өлкөлөрүнүн маалыматтык саясаты чөйрөсүндө өз убагында жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында сапаттуу жана актуалдуу аналитиканы даярдоо.